«ЭЛСИСТ» компаниясы электр кубатын берүүчү жана төмөнкү ток системаларын, сантехникалык иштерди, ар түрдүү татаалдыктагы желдетүү жана аба алмаштыруу системаларын долбоорлоо, аларды монтаждоо, долбоорду макулдашуу, объектти пайдаланууга берүү, аны ата мекендик жана чет элдик алдыӊкы өндүрүүчүлөрдүн продукциялары менен жабдуу сыяктуу кызматтардын толук топтомун сунуштайт.
Биздин компания жогорудагы кызматтарды аткаруу үчүн бардык лицензияларга ээ. Электр монтажы, монтаж, инженерия жана долбоорлоо боюнча адистерибиз - алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн тажырыйба топтогон жогорку квалификациялуу адистер.
«ЭЛСИСТ» компаниясы электр монтажы жана сантехника иштерин ыкчам жана сапаттуу аткарат. Ошондой эле типтүү жана индивидуалдуу долбоорлорду иштеп чыгат. «ЭЛСИСТ» ишенимдүү өнөктөшкө муктаж болуп турган башкаруучу компаниялар, үй куруучулар жана курулуш компаниялары менен кызматташууга ар дайым даяр.
Компаниябыздын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири административдик, соода жана өнөр жайлык обьекттердин төмөнкү жана ортоңку кубатуулуктагы электр энергиясы менен камсыз болуусу болуп саналат.
КалганыКомпания тарабынан заманбап жылытуу системалары менен монтаждоо сунушталат.
КалганыЖашоо жана эффективдүү иштөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн шарттарынын бири абанын ишенимдүү циркуляция болушу, тазаланышы, нымдалышы, жана керектүү температуралык параметрлердин сакталышы болуп саналат.
Калганы