Системы отопления и водоснабжения

а) Бүгүнкү күнгө чейин адам баласы ыӊгайлуу жана жайлуу шартты ар дайым жылуулук менен өлчөп келген. Жылуулук менен камсыздоодо ондогон жылдардан бери баарыбызга көнүмүш болуп калган кадимки МС-140 чоюн батареялары жана болот конвекторлору пайдаланылып келген. Арийне, бүгүнкү күндө булар моралдык жактан дагы, конструкциясы жагынан да эскирип бүттү.Компания тарабынан заманбап жылытуу системалары менен монтаждоо сунушталат:

- Жылытуу системасын монтаждоокызматтарынын толук комплексин ишке ашырат;

б) Суу менен камсыздоо системасын орнотуу, тейлөө кызматтары сунушталат: 
Суу менен камсыздоодо заманбап технологиялар жана материалдарды (полипропилен трубалары) колдонулат. Себеби заманбап технологиялар менен материалдар химиялык заттардын, жогорку басымдардын жана гидравликалык соккулардын зыяндарына чыдамдуу келет. Ошондой эле аларды монтаждоо абдан жеӊил жана тез болот.
  • Ысык сууну алууда ысытуучу аппараттардын бир нечетүрү сунушталат:
  • электр суу ысыткычтары;
  • газ менен ысытылган суу ысыткычтар;
  • жылытуу системасынын жылуулук алып жүрүүчүсүнөн жылуулук алган аппараттар.

Акма суу ысыткычтарда муздак суу ичинде ысыта турган элементи бар түтүк аркылуу өтүп,акырындык менен жылып отуруп суу ысыткычтан ысык суу агат.  Көп сууну жылытуу үчүн, мисалы, душка түшүү же ваннада киринүү үчүн, кубаттуулугу чоӊтүзүлүш керек болот. 

Топтомо суу ысыткыч акма суу ысыткычтан запасталган ысык суунун көбүрөөк көлөмү менен айырмаланат. Ал тиричиликте абдан ыңгайлуу, себеби каалаган температурага чейин алдын ала жылытылат. Анда дайыма ысык суу болуп турат, ал эми ал канчалык сарпталса, ошончо муздак суу топтолуп, кайрадан керектүү температурага чейин ысытылат. 
Ысык суу менен жабдуу системасын монтаждоодосуунун рециркуляция болуп турган варианты сунушталат. Анткени мындай системада сиз каалаган убакта кранды ачаарыңыз менен ысык суу менен камсыз болосуз. Борборлоштурулган канализация жок болгон учурда бул абдан ыӊгайлуу.

в) Канализация системаларын орнотуу жана тейлөө жумуштарынын топтому сунушталат. Чарбалык жана ичүүгө жарактуу суу түтүктөрү менен жабдылган баардык имараттарда ички тиричилик канализация системасы да болушу керек.

Имараттын кандай максатка көздөлгөнүнө жана коюлган талаптарга жараша төмөндөгү ички канализация системалары долбоорлонот:

- тиричилик – жаман сууларды санитардык жабдуулардан(унитаз, раковина, кол жуугуч, ванна, душ ж.б.) агызуу үчүн;

- өндүрүштүк – өндүрүштүк суулардын агып кетүүсү үчүн ;

- бириккен – тиричиликте колдонулган жана өндүрүштүк сууларды чогуу тазалоо мүмкүнчүлүгү бар болсо,аларды чогуу агызуу үчүн.

Башка Иштердин түрлөрү

Вентиляция жана кондиционер системалары

Жашоо жана эффективдүү иштөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн шарттарынын бири абанын ишенимдүү циркуляция болушу, тазаланышы, нымдалышы, жана керектүү температуралык параметрлердин сакталышы болуп саналат.

Калганы

Жабдууларынын алып келиниши

Тиешелүү жабдуулар менен кыска мөөнөттүн ичинде эле камсыз кылат.

Калганы

Производство и сборка щитовой продукции

Изготовление и комплектация щитовой продукции до 1 кВ

Калганы